Пример HTML-страницы

Картошка эгип, чыгымга учураган Сейтек Арзыматов малина жана кулпунай өстүрүүгө өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп районуна караштуу Талды-Суу айылынын 36 жаштагы тургуну Сейтек Арзыматов 1 гектар жерге мөмө-жемиш отургузду. Ал учурда малина жана кулпунайдын түшүмүн күтүп жатканын айтат.

Буга чейин Сейтек мырза айылдагы үлүш жерине арпа, буудай жана картошка өстүрүп келген. Айыл чарбадагы жаңы ыкманы өздөштүрүү менен кыялдары орундалып жатканын белгиледи.

«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Айылдагы М.Элебаев атындагы мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырып, эл аралык мамиле багытында билим алдым. Андан соң жубайым менен баш кошуп, айыл чарба иштери менен алектене баштадым. 2023-жылга чейин жылда 1 гектар үлүш жериме картошка, арпа жана буудай эгип келдим. Сугат суу жеткени менен кээде ойдогудай түшүм ала албай калчу элек. Картошканын чыгымы да жабылбай калчу. Анан 2023-жылы айылдаш багбанчылар сыяктуу эле, мен да дыйкан чарбама өзгөртүү киргизүүнү колго алдым. Үй-бүлөм менен кеңешип, 2023-жылы 1 гектар жерге Европадан келген малинанын жаңы көчөтүн отургузуп, багбанчылыкты колго ала баштадым», — деди ал.

Багбанчылык иш баштоого бир миллион сомдон ашык акча каражатын сарптаган С.Арзыматов айдап-себүүдөгү талап эки эсе жогорулаганын мындай деди.

«Багбанчылыкты колго алган ар бир адам чоң тобокелчиликти басып өтөт. Эми биздин аз деп эсептеген жер аянтыбыздын тегерек-четин коруп, тамчылатып сугаруу тутумун киргизүүгө, суу топтоочу бассейн курууга, ошондой эле көчөт сатып алууга жалпы чыгым миллион сомдон ашык каражатты түздү. Бул акча каражатты атайын фонддон ссуда катары алып, 6,5 миң даана көчөт отургуздук. Ошол жылы жаңы отургузган көчөттүн 100 пайызы өнгөн жок, биздин климатка адаптация болуусу керек экен. Быйыл өспөй калган орундарды кайра толуктап, түшүм жакшы болорун күтүп жатабыз.

Аны менен бирге 20 сотых жерге кулпунайдын альбион сортунун көчөтүн отургуздук. Бул ишке 400 миң сом сарптадык. 1 айдан соң бир көчөттөн бери дегенде 300 грамм мөмө эң жогору дегенде 1 кг түшүм алууга мүмкүн экен. Албетте, мурда деле картошка, арпа, буудай айдап жүргөндө деле эмгекти талап кылчу, бирок кээде чыгымдар акталбай калчу. Азыр болсо мөмө-жемиш өстүрүүдө эмгек эки эсе көбөйдү. Убагында сугарып, витамин берип, жерди асылдандыруу жана отоого алдырбай, карап турууга кол керек экен. Айыл чарбасындагы жаңы багыт келечекте чоң кыялдарыбызды ишке ашырат деген ойдомун», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE