Пример HTML-страницы

Каркыра жайлоосунда убактылуу милиция посту ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаркыра жайлоосунда убактылуу милиция посту иштей баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жайдын башталышы менен Түп жана Ак-Суу райондорунун көптөгөн малчылары Каркыра жайлоосуна көчүп келишет. Мал уурдоонун жана башка укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл ОИИБ жыл сайын Түп районунун Башарын тилкесинде убактылуу милиция постун уюштурат. Бул постто Түп жана Ак-Суу РИИБдин кызматкерлери бекитилген график боюнча күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Посттун ачылышына Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Улан Орозалиев катышты. Ал кызматкерлер кызмат өтөй турган жайларды текшерип, аталган аймак боюнча РИИБ жетекчилери менен пландарды жана милдеттерди талкуулады.

Каркыранын жайлоосунун жалпы аянты 25 миң гектарды түзөт. Ага жыл сайын жайкы жайытка 40 миң бодо мал, 30 миң жылкы жана 80 миң майда мал айдалат. Эки райондун жашоочуларынын малын жайган малчылардын көчүүсү жана жайланышуусу байкалууда. Жакынкы жумада малчылардын жана үй жандыктарынын негизги бөлүгүн көчүрүү күтүлүүдө. Убактылуу постто ыкчам бөлүктөрдүн кызматкерлери жана милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алып барышат, алар жума сайын алмашып турушат.

Облустук милициянын башчысынын орун басары Улан Орозалиев жай мезгилинде мал уурулуктун алдын алуу жана аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча бир катар милдеттерди талап кылды. Ошондой эле ал кызматтык тартипти сактоо зарылдыгын баса белгилеп, мал жоголгон же уурдалган учурда дароо милицияга кабарлоо зарылдыгын малчылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE