Караколго жер алдынан чыккан ысык суу менен жылуулук берүү пландалып жатат

TurmushКаракол шаарынын социалдык объектилерин жана калкка жылуулук берүүдө жаңы идеяны ишке ашыруу каралууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов караколдуктардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

А.Сулаймановдун айтымында, жер алдынан чыккан суу менен шаарга жылуулук берип, колдонуудан чыккан суу кайра жер алдына төгүлөт. Мындан улам суунун табигий айланышы бузулбай, шаарга экономикалык жактан арзан болот.

Шаарды 2 ишкана жылуулук менен камсыз кылат. Аларга от жагуу мезгилине 18 миң тонна көмүр жумшалат. Алар от казандардан сууну 60-70 градуста ысытып коё беришет. Көп кабаттуу үйлөрдү жылытып, кайра артка кайткан суу 40-50 градус болушу керек.

Караколго эң жакын жер алдынан чыккан ысык суу (радон суусу) Ак-Суу районун Теплоключенка айылында чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️