Turmush — Каракол шаарынын Кадырова көчөсүндөгү көп кабатуу үйдүн 4-кабатындагы батирлердин бирине камалып калган 4 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу кошуналары билдиришти.
Алардын айтымында, окуя бүгүн, 20-сентябрь күнү саат 15:30 чамасында катталган.
«Терезеден карасак, куткаруучулар 5-кабаттан 4-кабатка түшүп жатышыптыр. Кийинчерээк үйдө кичинекей 4 жаштагы бала камалып калганын угуп, куткаруучуларга ыраазы болдук. Чындыгында биздин куткаруучулар ушундай даярдыкта деп ойлочу эмеспиз», – дешти алар.
Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бүгүн, 20-сентябрда Каракол шаардык №15 ƟКБга Б.К. аттуу жаран калаанын Кадыров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйүнүн 4-кабатындагы батиринде кичинекей бала камалып калганы тууралуу маалымат берген.
Каракол шаардык №15 ƟКБдан 4 куткаруучу жерине барып, альпинисттик шаймандардын жардамы менен 5-кабаттан 4-кабаттын балконуна түшүп, батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 2019-жылы туулган бала калып калган. Анын абалы жакшы, жабыркаган эмес.