Пример HTML-страницы

Караколдун 155 жылдыгына карата «Улут баскан улуу жол» этнофестивалы өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына карата «Улут баскан улуу жол» бешинчи этнофестивалы өтүп жатат.

Этно фестивалдын алкагында эл аралык кыргыз-казак акындарынын айтышы, кенже эпостор фестивалы, «Боз үй» фестивалы, кол өнөрчүлөр фестивалы, жергиликтүү этнодизайнерлердин көргөзмөсү, «Мурас» эл аспаптар оркестринин концерти, кыргыз-казак этно дизайнерлеринин көргөзмөсү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, «Так теке» сынагы, «Нарк куржун» сынагы, Ашлямфу-fest, эпос китептеринин көргөзмөсү өтүп жатат.

Ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата архивдик сүрөт көргөзмөсү, «Карегимде Каракол» сүрөтчүлөрдүн сүрөт сынагы өтүп жатат. Кечинде кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа болот.

Иш-чара эки күнгө созулуп, 2-июнь күнү «Сабантуй — 2024» татар-башкыр элинин майрамы белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE