Караколдук Шахнази Айбекова самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Шахнази Айбекова Кипр Республикасынын Ларнака шаарында өткөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Айбекова Шахнази Айбековна 2009-жылы 22-декабрда туулган. Учурда Тилекмат аке атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинде билим алат.

«Самбо менен 9 жылдан бери машыгам. Башында ата-энемдин кеңеши менен бул спортко келгем. Спорттун бул түрү мага абдан жагат.

Ларнака шаарында өтчү жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына катышууга көп даярдандык. Анда өзбек жана монгол кызын жеңип алдым. Ал эми финалда россиялык кызга жеңишти алдырып жибердим. Негизи атаандаштар мелдешке жакшы даярдыкта келишиптир», — дейт спортчу.

Аталган чемпионаттан кийин Шахнази Айбекованы шаар тургундары расмий тосуп алды.

Пример HTML-страницы

«Жеңишке жеткенде, кыргыз желеги көтөрүлгөндө башкача сезимдер болот. Бул кубанычым менен алгач ⁠ата-энеме сүйүнчүлөдүм. Абдан кубанып, келгенде жакшы тосуп алышты. Негизи эле күйөрмандык кылган бардык мекендештерге ыраазымын.

Менин башкы максатым — алдыда боло турган бардык чемпионаттарга катышып, Олимпиада оюндарына жолдомо утуу. Олимпиадада өлкө капчыгына медаль алып келсем деп дайым тилек кылам», — дейт ал.

Шахнази үй-бүлөдө 3 эркектин арасындагы жалгыз кыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️