Караколдук Махабат Субанбаева өзү күтпөгөн кесиптин ээси болуп, кыздарга бий үйрөтүп жатат

TurmushМахабат Субанбаева Каракол шаарынын жана Түп айылынын кыздарына бий үйрөтүп, кичинекей бийчилер менен эл аралык сынактарга катышууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Махабат Субанбаева 1983-жылы туулган. Анын айтымында, мектепте окуп жүргөн кезинен музыкага жакын өскөн. Алгач Чолпон-Ата шаарындагы балдар музыкалык мектебинде комуз бөлүмүндө билим алып, аны менен катар бий ийримине катышкан. Окууну аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында вокал бөлүмүндө эки жыл билим алган. Окуудан тышкары бий ийримдеринде балдарга билим берип баштаган. 2011-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин хореография бөлүмүнө тапшырып, 2017-жылы аяктаган.

«Мен бул кесиптин ээси болом деп эч ойлогон эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө казак ырчысы Батырхан Шукеновдун ырларын укчу элем. Ошондо оюмда бийлер жаралчу. Биринчи жолу бийди 9-класста койгом. Мектеп окуучулары кароо-сынактарга катышып, орундарга ээ болушкан. Бирок анда деле бий ийриминен мугалим болот деп кыялданчу эмесмин. Бала кезимде ырчы болууну кыялданчумун. Азыр деле чоң сахналарда ырдайм», — дейт ал.

Учурда ал 150гө жакын кызга бий үйрөтүп келет.

«Бий илхом келген учурда жаралат. Ошол учурду кармап калыш керек. Ага музыкалык чыгармалар себеп болот. Эгер мага музыка жакса, ошол эле жерден кыймыл-аракеттер жаралат. Практика жүзүндө ошол кыймылдар иштелип, балдарга үйрөтүлөт. Албетте, буга убакыт көп кетет. Кээде окшоштуруп жоктон барды чыгарган да күндөр болот», — дейт ал.

Ал 2016- жылдан тарта Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында кыздарга бий үйрөтөт. Анын айтымында, «Айданек» бий ансамбли 2016-жылы аталган мектептин директору Лилия Асеиновнанын демилгеси менен түзүлгөн.

Пример HTML-страницы

«Кыздарды 6 жаштан баштан бийге алабыз. Менин кыздарды жоопкерчилик, тыкаандык, жана чыдамкайлык талабы менен алам. Ушул сапаттар болсо, ийгилик жаралат. Алар менен катар Түп районунда да кыздарды бийге үйрөтөм. Алар менен бирге райондук, шаардык, республикалык сынактарга катышабыз.

«Айданек» бий ансамдли 2019-жылы алкачкы жолу телеканалдардын бириндеги «Кg.тай» эл аралык сынагына катышкан. Анда 3-орунга ээ болуп, дем-күчкө ээ болушкан. Андан кийин ошол эле жылы ушул эле телеканалдагы Гүлнара Тойгонбаева жетектеген «Кg.тай» эл аралык телесынагынын жайкы фестивалында 1-орунга ээ болушкан. 2020-жылы «Бала чак» эл аралык сынак-фестивалында 1-орунду башынтышкан. 2022-жылы «Прима» республикалык сынагына катышып, 1-орунду алышты. Андан сырткары кыздар көптөгөн диплом, ардак грамоталардын ээлери.

Баланын бийге жөндөмдүү экенин бир көрүп билүүгө деле болбойт. Убакыт керек. Кээ бир балдар жөндөмдүү болгону менен тартынчаак болушат. Кээ бир балдар келгенде эле билинет. Эң негизгиси музыкага сезими болуш керек. Ошондо гана ал бийди жан дүйнөсү менен кабыл ала алат», — дейт ал.

Учурда ал эркек балдарга да бий үйрөтүүнү көздөөдө. Балдарды 2-класстан тарта кабыл алышат.

Махабат Субанбаева 2 баланын энеси. Кызы Адинай да эне жолун жолдоп, чыгармачылыкка жакын болуп, апасынын ансамблинде ырдап, бийлеп келет. Учурда ал 1-класста билим алууда. Май айында ансамбль түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына карата Бишкек шаарында концерт берүүгө даярдык көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️