Караколдук Денис Ситников кыргызча сүйлөп, бөбөктөргө кыргыз ырларын үйрөтөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Денис Ситников бала бакчада эмгектенип, бөбөктөргө кыргыз ырларын үйрөтүп келет. Аны менен аймакты кабарчы маек курду.

Денис Ситников 1987-жылы туулган. Учурда үй-бүлө куруп, бир кыздын атасы.

«Кичинемде ойногон балдардын көпчүлүгү кыргыз балдар болгондуктан кыргыз тилин бат үйрөндүм. Үй-бүлөдө ата-энем, агам бар. Агам да кыргызча үйрөнүүдө. Ал эми чоң атам Дмитрий жана чоң энем Нина кыргыз тилин жакшы билишкен. Кыргызча ырым-жырымдарды колдонуп, кыргыз ырларын аткарып жүрүшчү», — дейт ал.

Мектепте окуп жүргөн кезде эле музыкага жакын болчу.

«Келечегимди музыка менен байлагым келди. Андыктан 9-классты аяктаганда Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында баян классын аяктадым. Андан кийин билимимди жогорулатуу үчүн Бишкек шаарына барып, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктадым. Менин баяным дайым жанымда десем болот. Аспабым менен эч убакта ажырашпайм. Мен кайда болсом, ал да колумда», — деп жылмаят ал.

Пример HTML-страницы

Учурда Караколдогу №4 «Назик» бала бакчасында жана ИИМдин карамагындагы ведомстволук бала бакчада эмгектенет.

«Кыргыз тилин билишим балдар менен иштөөдө абдан жардам берет. Анткени мен кыргыз бала бакчасында иштеген жалгыз орус жигитимин. Бул тажрыйба алмашууга, тилди жакшы үйрөнүүгө абдан жардам берет. Кесиптештер менен сүйлөшкөндө көбүнчө кыргызча сүйлөөгө аракет кылам. Ал эми балдар менен жакындан түшүнүшүүгө чоң өбөлгө болот. Балдар менен көбүнчө «Кичине балаты», «Бакча майрам», «Ак гүлдөр, көк гүлдөр», «Карагат» деген ырларды аткарууну жакшы көрөбүз», — деди.

Балдар менен өткөргөн ар бир майрамы эсинде.

«Эсимде бардык эле иш-чаралар калат. Негизи бала менен иштеген адамдын ички дүйнөсү тазарат. Мисалы былтыр бала бакчада милиция күнүнө иш-чара өткөрдүк. Анда кызматкерлерди куттуктап, чакан концерт койдук. Өз балдары куттуктап, роль аткарып жатканын абдан жакшы кабыл алышты», — дейт ал.

Өзү да кыргыз ырларын баяны менен аткарып, элдин алкоосуна татып келет.

«Мен өзүмдү чыныгы мекенчилмин деп эсептейм. Кыргызстанда анын ичинде Ысык-Көл жээгинде туулганыма кубанычтамын. Учурда тилди жакшы түшүнөм. Бирок күнүмдүк сөздөр менен сүйлөп, мыкты деңгээлде сүйлөөгө жетише элекмин. Андыктан сөз байлыгымды өстүрсөм дейм. Кыргызстанда жашаган ар бир жаран кыргыз тилин, тарыхын билип, анын өнүгүшүнө өбөлгө болушубуз керек. Кыргызстаныбыз тынчтык асман алдында, өнүгүп өсүүсүн каалайм», — дейт ал.

Келечекте «Манас» айтууну өздөштүрсөм деген тилеги менен бөлүштү. Мындан сырткары көптөгөн сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап келет. Алардын ар бирине чын дили менен даярданып, кубануу менен катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️