Караколдук А.Качаганов кымыз бышыруу жана жашылча туздоо үчүн жыгач челек жасап келет

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын 66 жаштагы тургуну Аскарбек Качаганов жыгач челекке кымыз жасоонун заманбап ыкмасын сунуштап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аскарбек Качаганов 6 жылдан бери жыгач челектерди жасайт. Ал мурда курулуш тармагында эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин жыгачтан ар кандай буюмдарды жасоо менен алек.

«»Жыгач челек жасап бериңиз» деген буюртма түшүп калды. Ошондон баштап 6 жылдан бери 10-150 литрлик жыгач челектерди жасап келем. Материалдарды Россиянын карагайларынан сатып алам, кубу 22 миң сом. Бир кубдан чоң 6 челек, майда болсо андан көп челек чыгат. Баасы келишим түрүндө. Негизи челектин литрин 100 сомдон баалайм, 10 литрлик челек 1000 сом болот», — дейт ал.

Учурда Аскарбек мырзанын кымыз үчүн жасаган челеги көпчүлүктүн көңүлүн бурууда.

«Мен жасаган челектер кымыз жана жашылча туздоого колдонулат. Вино, пиво үчүн сатпайм. Кыргыз бар жерде кымыз бар. Кымыз үчүн көп алышат. Келиндердин жумушун жеңилдетип, аккумлятор менен автоунаанын терезе сүрткүчүн колдонуп жасадым. Ал 12 Вт менен иштейт жана кымызды өзү чалып турат. Керектүү кезде иштетип койсо кымызды чалып (бышырып) берет. Азыр суроо-талап көп болуп жаткандыктан аны 4000 сомго баалап жатам», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Жыгач уста өзү билген өнөрдү жаштарга да үйрөткүсү келерин айтат.

«”Өнөрлүү өлбөйт” деген кеп бар, үйрөнүп алса жакшы да. Менин пенсиям 4500 сом, ал эми бир челек 4000 сом болот. Жаштар үйрөнөбүз деп келишет. Бирок майда жумуш болгондуктан тажап кетишет. Чынында челек жасоо майда жумуш. Ар бир жылчыгына чейин карап иштейм. Себеби кичине тешик болуп калса эле суу агып кетет. Челек жасоо менин хоббим болгондуктан бош убактымда аны жасап, эргүү алам. Кышы менен 20-30 челек жасап чыгам. Жаз алды менен тоого чыккандар Кыргызстан боюнча алып кетип жатышат», — деди ал.

Аскарбек Качаганов 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️