Караколдук 11 жаштагы Анастасия күнүмдүк колдонулуучу материалдардан ар кандай жаныбарларды жасайт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын 11 жаштагы тургуну Анастасия Волокитина кол өнөрчүлүк жана сүрөт тартуу боюнча сынактарга катышып, ар дайым биринчи орундарды алып келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Анастасия Волокитина учурда Каракол шаарындагы №2 Байсары уулу Кыдыр Аке мектебинде окуйт. Ал ата-энеси жана бир агасы менен жашайт.

«Кол өнөрчүлүк мага бала кезимден эле жагат. Адегенде бул кадимки эле шуру токуу болчу. Майда-чүйдө нерселерди жасаган абдан жакчу. Улам-улам жасай берип, колум көнүп кетти. Бир нерсе жасаганды, чаптаганды, сүрөт тартканды, жакшы көрөм. Аз-аздан шуру токууну өздөштүрө баштадым», — деди ал.

Учурда ал үйдөгү материалдардан ар кандай жаныбарларды жасап, көргөзмөгө келгендердин кызыгуусун жаратууда.

«Мындай материалдарды башка адамдар эчак эле ыргытып иймек. А мен болсо, аларды караганда эле жаңы идеялар жаралат. Алар ракушкалар, пластик, кагаз, пенопласт, кум, айнек жана башкалар. Анан албетте чаптоого керектүү желим. Аларсыз эч нерсе жасалбайт. Адамдар мен кадимки салфеткадан жасаган таш бакаларга кызыгышат. Чындыгында, конкурстарга катышуу учурунда адамдар айткан идеялар жана алардын кызыгуусу мени жаңы нерселерди жаратууга түрткү берет», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Анастасиянын айтымында, ал идеяларды интернет булактарынан алат.

«Интернеттен көп карайм. Кайсы бир буюмду көргөндө идеялар пайда болот. Мисалы, кадимки дөңгөчтөрдү көргөндө бугу жасоо идеясы келет. Эң биринчи пахтадан (ватный диск) балаты жасагам. Мен аны сактап койгом. Аны карап туруп, андан да жакшы жасаганга аракет кылам жана дагы көп нерсени жараткым келет», — деди кол өнөрчү.

Мындан тышкары, ал сүрөттү жакшы тартат.

«Сүрөт тартуу менин хоббим. Сүрөт тартууда жакшы сезимдер пайда болуп, эс алып, ички дүйнөм ырахат алат. Ошондуктан мен жаратылыштын кооздугун чагылдыргым келет. Жаратылыш эң мыкты сүрөтчү. Чыгармачылыктын жана фантазиянын түгөнгүс булагы. Ал ушундай шедеврлерди жаратат, анан ийкемдүү, иш билги колдо чыныгы искусство чыгармаларына айланат.

Жыл сайын күз бизге чыгармачылыкка ылайыктуу көптөгөн табигый материалдарды берет: мох [нымдуу жерге — жыгачка, ташка, тамырсыз өсүмдүктүн бир түрү], үрөн, эмен жаңгагы, жаңгак, гүл, мөмө-жемиш жана жашылчалар. Күздү чыгармачылык эргүү жана фантазиянын казынасы десек болот. Ошондуктан, мен кагаз жүзүндө жаратылыш кереметин кайталагым келет», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Келечекте университетке тапшырууну жана талантын мындан ары өнүктүргүсү келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️