Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Караколдогу жолдо дайыма чөгөлөп отурган аял. Тургун психиатриялык ооруканага жеткирилет

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын Кутманалиев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылына тоскоолдук жараткан аял жакынкы күндөрү жылда барчу ооруканага дарыланууга жиберилет. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тургун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагындагы Республикалык психиатриялык ооруканага жеткирилет. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен күйүүчү майга акча каражаты бөлүнөт.

«Аймактык милициянын жардамы менен жеткирилет. Дарылатууга жакындарынын уруксаты керек. Буга чейин күйөөсү: «Азырынча абалы жакшы, коё туралы» деп уруксат берген эмес. Эми ушул жума ичинде медициналык документтери даярдалып, дарыланууга жеткирилет.

Аял күйөөсүнүн карамагында. Жолдошу дарбаза ачылган кезде ага байкатпай чыгып кеткенин айтууда. Биз тараптан жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айдоочулар аталган аял жолго чуркап чыгарын, кооптуу абал жаратып келерин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE