Пример HTML-страницы

Караколдогу тургундар суунун жээгине таштанды төккөн унааны видеого тартып алышты

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Каракол суусунун жээгине таштанды төгүп кетишти.

Бүгүн, 5-июнда тургундар суунун жээгине таштанды төгүп жаткан унааны видеого тартып алышкан. Алар тийиштүү адистерден чара көрүнү талап кылууда. Тургундардын айтымында, унаа курулуштан чыккан таштандыны төгүп жаткан.

Жерине тиешелүү кызматкерлер келип, унаа изделип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE