Караколдогу текшерүүдөн кийин кафе жана дүкөн жабылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында санитардык нормаларды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн «Боорсок» кафесинин жана «Золотой теленок» дүкөнүнүн иши токтотулду. Бул тууралуу Каракол райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбордун кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 1-12-июль күндөрү Каракол шаары боюнча 17 объект (тамак-аш жайлары, соода сатык түйүндөрү) текшерилди. Текшерүү учурунда соода түйүндөрүндөгү продукцияларда Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптары аткарылбай, таңгагы жок, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр сатылганы аныкталды.

Жыйынтыгында санитардык нормаларды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жооптуу адамдарга Укук бузуулар кодексине ылайык жалпы 110 000 сом өлчөмүндө айып салынып, 11 санитардык көрсөтмө даярдалып берилип, 2 объектинин — «Боорсок» кафесинин жана «Золотой теленок» дүкөнүнүн иши убактылуу токтотулду.

Текшерүү президенттин 2024-жылдын 14-мартындагы «Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдагы 9-январындагы «Ишкерлик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгына ылайык, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын текшерүүгө уруксат берилгендигине байланыштуу жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️