Караколдогу тамактануучу жана нан бышыруучу жайынын ээлерине айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында тамактануучу жана нан бышыруучу жайынын ээлерине санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынды.

Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, аталган борбордун адистери тарабынан «Тамак-аш коопсуздугу» боюнча текшерүүлөр уланууда.

Өткөн мезгил учурунда 15 жеке ишкер субъектилери текшерилип, Укук бузуу жөнүндө кодексине ылайык кетирген кемчиликтери үчүн 10 айып пул (66 миң 500 сом) салынды.

Анын ичинен «Чайхана 1» кафесинин санитардык абалы канааттандырарлык эместиги аныкталып, иштегендер медициналык кароодон өткөн эместиги такталган. Натыйжада санитардык күнгө жабылып, ээсине айып пул салынды. Ошондой эле «Берекет», «Баатырбек» кафелери, Восход 18 кичи районунда жайгашкан нан жасоочу жайы санитардык күнгө жабылып, айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️