Пример HTML-страницы

Караколдогу тамактануучу жайда ашпозчу менен кардардын ортосунда чуу жаралды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын «Бугу» базарында орун алган тамактануучу жайда талаш-тартыш жаралды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда калаадагы бир үй-бүлө түшкү тамактануу үчүн лагман, ашлянфу жана котлетке буюртма беришкен. Алар котлет жеген жашы жете элек баласы ууланбайбы деп кооптонуп жатышат.

Анткени аларга келген лагман ачып кеткенин айтып, үй-бүлө башчысы окуянын жүрүшүн видеого тартып алган. Видеодон лагманды ашпозчуга «жеп көрүңүз, ачып кетиптир» деп жатканын көрүүгө болот.

Аталган окуядан кийин тургун Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, күч түзүмдөрүнө кайрылганы маалым болгон.

Аталган борбордон атайын адистер тамактан анализ алууга жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE