Пример HTML-страницы

Караколдогу салтанаттуу иш-чара күтүүсүз окуя менен коштолду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында көлгө чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калышты. Бул тууралуу күбөлөр окуядан кийин видео тартып, бардык эс алуучуларды көлдө коопсуздук эрежелерин сактоого жана жакындарына өзгөчө көӊүл буруп, этият болууга чакырышты.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, окуя 21-июнда орун алган. Анда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев шаардык пляждын кезектеги жайкы туристтик мезгилге карата ачылышында көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган.

Окуя Пристань-Пржевальск шаарчасынын аймагында жайгашкан Каракол шаардык пляжына жакын жерде катталган. Саат 13:00 чамасында көлгө түшүп жаткан бала күтүүсүздөн чөгө баштаган. Аны кызмат өтөп жаткан милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев көрүп, дароо өспүрүмдү куткарууга киришкен. Анын ыкчам аракети менен бала жээкке чыгарылып, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Кийин өспүрүм жакындарына өткөрүлүп берилген. Учурда абалы туруктуу деп бааланууда.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE