Пример HTML-страницы

Караколдогу бала бакчада 6 жаштагы бала дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-март күнү Каракол шаарындагы бала бакчалардын биринен 6 жаштагы бала жоголду. Бул окуя болгондугун Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБге 1-март күнү саат 16:00 чамасында бала бакчалардын биринен 2016-жылы туулган А.Д. жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды.

Белгилери: ак жуумал, үстүндө сары түстөгү куртка, сары түстөгү шым, кара түстөгү ботинка кийип жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE