Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Караколдогу акыр-чикирди кайра иштетүүчү заводдо таштандылардан кандай продукция өндүрүлөт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында биринчи жолу таштанды иргөөчү жана кайра иштетүүчү завод курулуп жатканын жергиликтүү бийлик буга чейин маалымдаган. Миллиондук заводдун курулушу менен аймактык кабарчы жеринде таанышты.

«Тазалык» ишканасынын маалыматына караганда, завод курулуп бүтүп, бүгүн, 2-июнда алгачкы текшерүү иштери башталды. Анда Беларусиядан атайын адистер келип, текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Текшерүүлөр аяктаган соң, жакынкы күндөрү расмий ачылышы болот.

Каракол шаарынан жылына 18 миң тонна таштанды чыгат. Ал эми заводдун кубаттуулугу 20 миң тоннаны түзөт. Эгер завод күнү-түнү тынбай иштесе, 60 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштете алат.

Завод толугу менен ишке кирсе, таштанды кайра иштетилип, түтүк, брусчатка, кол жана техникаларга атайын шыпыргылар өңдүү продукцияны чыгарууга болот.

Ал эми жумуш орду менен 42 адам камсыз болуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE