Караколдо жааган кар айдоочуларды кышкы дөңгөлөк алууга мажбур кылды. Баалары кандай болууда?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында 21-ноябрга караган түнү каар жаады. Мындан улам унаага дөңгөлөк сатып алууга келгендердин саны арбыды.

Сатуучулардын айтымында, быйыл дөңгөлөктөргө орточо эсеп менен 200-300 сомго кымбаттады. Дөңгөлөк баалары түрүнө жараша болот.

— 13R дөңгөлөк 2850 сомдон жогору;

— 14R дөңгөлөк 3000 сомдон өйдө;

— 15R дөңгөлөк 3800 сомдон жогору;

— 16R дөңгөлөк 45400 сомдон өйдө;

— 17R дөңгөлөк 4850-5300 сомдон жогору.

Каракол шаарынын тургундары 15-ноябрдан 15-декабрга чейин дөңгөлөктөрүн алмаштырышат. Дөңгөлөктү алмаштыруу кызматы 200 сомдон (бир дөңгөлөк) жогору.

Былтыркы жылдагы дөңгөлөктөрдүн баасы:

— 13R дөңгөлөк 2500 сомдон жогору;

— 14R дөңгөлөк 3000 сомдон өйдө;

— 15R дөңгөлөк 3700 сомдон жогору;

— 16R дөңгөлөк 4500 сомдон өйдө;

— 17R дөңгөлөк 5300 сомдон жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️