Караколдо улгайган аялдын кызыл капчыгы уурдалган соң кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында уурулукка шектелип, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол ШИИБге 1957-жылы туулган тургун Д.А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Ак-Ордо дүкөнүнүн ичинен столдун үстүндө турган баштыгынан (сумка) кызыл түстөгү капчыгын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Уурдалган капчыктын ичинде 12 миң сом, 400 АКШ доллары, тумар кылып жасалган 100 (жүз) евро жана майда акчалары болгон. Жалпы чыгым 60 миң сомду түзөт.

Бул факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталган.

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Мал уурулук» оперциясын жүргүзүү учурунда ИИМдин АБД-ТОР базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган (мурда соттолгон) Каракол шаарынын 1961-жылы туулган тургуну Б.Б. шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Шектүү жарандын Каракол шаарында жана облустун башка аймактарында орун алган уурдоо фактыларына тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️