Караколдо түн ичинде тургундардын тынчын алган «Тойотанын» айдоочусу табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында автоунаанын үнүн катуулатуу үчүн кошумча жабдык (приматок) тагып алып, тургундардын тынчын алган айдоочу табылды.

Буга чейин тургундар аталган унаа түн ичинде тынчтыкты бузуп, тургундарга ыңгайсыздык жаратып келгенин айтышкан. Алардын бири унаа түнкү саат 01:40 чамасында Токтогул көчөсүндө катуу үн чыгарып жатканын айтып, видео жарыялаган.

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Каракол шаардык ЖКККБ кызматкерелери тарабынан жогорудагы айдоочу Жети-Өгүз районунун Ырдык айлынын 1996-жылы туулган И.А.Б. аттуу тургуну экени аныкталды.

Ал «Toyota Altezza» («Тойота Алтезза») үлгүсүндөгү автоунаасы менен табылып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 194-беренесинин 1-бөлүгү (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу ) менен протокол түзүлүп, 5 миң 500 сом айып пул салынды. Ал эми унаасы айып короого токтотулду.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️