Караколдо туризм тармагында иштегендерге 14 номинация боюнча сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында 27-сентябрь — Эл аралык туризм күнүнө «Karakol Tourism Awards 2024» иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мындай иш-чара алгачкы жолу уюштурулду. Анда «Мыкты экотуризм долбоору», «Инклюзивдик туризм боюнча мыкты долбоор», «Жылдын мыкты социалдык инноватору», «Жылдын мыкты өнөктөшү», «Мыкты туристтик инфраструктураны өнүктүрүү долбоору», «Жылдын туристтик жаратманы», «Туризмдеги мыкты бренд» жана башка ушул сыяктуу 14 номинация менен шаардын туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон мекеме-ишканалар, алдыңкы кызматкерлер, конок үйлөрү сыйланды.

Шаар мэри Фархат Алжамбаев туристтердин саны өсүп жатканын айтып, тоо туризмин жандандыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

  • Каракол шаарында 90дон ашык мейманкана, конок үйлөрү, 89 кафе-ресторан бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️