Караколдо соода-сатык кылгандарга чүпөрөк жана кагаз баштыктарды колдонуу сунушталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында ишкерлерге жана соодагерлерге соода-сатык жүргүзгөнгө кагаз жана чүпөрөк баштыктарды колдонуу сунушталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда Каракол шаарынын вице-мэри Г.Орозова жалпылап табиятка аяр мамиле кылууга чакырып, полиэтилен баштыктарын колдонбоо тууралуу мыйзам тууралуу маалымат берип, дүкөндөрдө табигый таза баштыктарды колдонууну айтты.

Иш-чарада ишкерлерге облус аймагында желим баштыктарды колдонууга тыюу салынганын, анын ордуна чүпөрөк жана кагаз баштыктарды колдонуу сунушталды. Анда чүпөрөк баштыктарды тигип жаткан айымдар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кагаз баштыктарды өндүрүп келген ишкана продукцияларын сунушташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️