Пример HTML-страницы

Караколдо маркумду акыркы сапарга узатуудагы тыюулар

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо иштей баштады. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаев муфтият тарабынан уюшулган «Агартуу кербени» учурунда билдирди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын Азирети муфтийинин орун басары Самидин Атабаев башатаган «Агартуу кербени» бүгүн, 10-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө эл менен жолугуп, ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча маалымат берип, тургундардын суроолоруна жооп беришти. Ага облус казысы Алмаз Сагындыков жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаарынын вице-мэри Чыңгыз Бапаев калаада ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча жобо 3 айдан бери иштеп жатканын айтты. Ал 6 пунттан турарын билдирди.

Turmush басылмасы Каракол шаары 2022-жылдын 26-декабрында кабыл алган жобо менен тааныштырат.

Ага ылайык, үйлөнүү үлпөттөрү, үй-бүлөлүк салтанаттар жана аземдер бир күн гана өткөрүлөт. Бул убакыт боюнча чектөө маркумду жерге коюуга жайылтылбайт. Үйлөнүү үлпөттөрдүн, үй-бүлөлүк салтанаттардын бардык түрлөрү 250дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелик салтанаттарды өткөрүүдө бир бодо мал же бир жылкы, же экиден ашпаган майда жандык союуга жол берилет.

Маркумду жерге коюу жана аза күтүү каадалары саны чектелбеген адамдардын катышуусунда үчтөн ашпаган күндүн ичинде өткөрүлөт. Убакыт боюнча чектөө каралбайт. Аталган иш-чарага 1 баш кой союуга жана тамактардан палоо басууга жол берилет. Ал эми эт тартууга уруксат берилбейт. Дастарконго жер-жемиш, кургатылган жемиштер, салаттар коюлбайт.

Маркумду эскерүү бир күнгө белгиленип өткөрүлөт. Аталган иш-чарага 1 баш кой союуга жана тамактардан палоо басууга жол берилет, эт тартууга уруксат берилбейт. Дастарконго жер-жемиш, кургатылган жемиштер, салаттар коюлбайт. Эскерүү иш-чарасы 200дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

Каракол шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо.

Жалпы жоболор

1.1. Каракол шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан «Шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобого ылайык иштелип чыгып, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана каада-салтын эске алуу менен иштелип чыккан эрежелерди камтыйт.

1.2. Ушул жобо Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүүгө арналган үрп-адаттарды жана иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.

1.3. Каракол шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүгө арналган үрп-адаттарды өткөрүүнү, башка адамдардын коомдук абалын теңсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактабоо, турмушта калыптанган салттарды түшүнүү боюнча терс көнүмүш пикирлерди таратууну регламенттөө, ошондой эле адамдын адептик-руханий баалуулуктарынын өнүгүшүнө шарт түзгөн элибиздин каада-салтын, үрп-адатын кеңири жайылтуу жана таратуу — ушул жобонун максаты болуп саналат.

1.4. Ушул жобо мамлекеттик жана облустук деӊгээлде өткөрүлгөн мамлекетке жана коомго зор эмгек сиңирген инсандарды эскерүүгө арналган жана мааракелик иш-чараларга, ошондой эле маанилүү даталарга байланыштуу иш-чараларга жайылтылбайт.

1.5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын уюштурууда социалдык адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук, улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды жактоо, башка ишенимдин жана улуттун каада-салттарын сыйлоо, коомдук пикирди эске алуу принциптери сакталышы керек.

Үйлөнүү үлпөттөрү, үй-бүлөлүк салтанаттар жана аземдер бир күн гана өткөрүлөт. Бул убакыт боюнча чектөө маркумду жерге коюуга жайылтылбайт.

Үйлөнүү үлпөттөрдүн, үй-бүлөлүк салтанаттардын бардык түрлөрү 250дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааркелик салтанаттарды өткөрүүдө бир бодо мал же бир жылкы, же экиден ашпаган майда жандык союуга жол берилет. Маркумду жерге коюу жана аза күтүү каадалары саны чектелбеген адамдардын катышуусунда үчтөн ашпаган күндүн ичинде өткөрүлөт. Убакыт боюнча чектөө каралбайт. Аталган иш-чарага 1 баш кой союуга жана тамактардан палоо басууга жол берилет, эт тартууга уруксат берилбейт. Дастарконго жер-жемиш, кургатылган жемиштер, салаттар коюлбайт.

Маркумду эскерүү (арналган кыркына, ашына жана куран окутуу) иш чаралары бир күнгө белгиленип өткөрүлөт. Аталган иш чарага 1 баш кой сойуга жана тамактардан палоо басууга жол берилет, эт тартууга уруксат берилбейт. Дастарконго жер жемиш, кургатылган жемиштер, салаттар койулбайт, 200дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүү

Шаардык борбордук комиссия жана жергиликтүү аймактык деңгээлиндеги комиссиялар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүгө коомдук көзөмөлдү жана жөнгө салууну камсыз кылуу максатында:

— үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүгө коомдук көзөмөлдү уюштуруу, ошондой эле бул чөйрөдө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, калктын кеңири катмарынын пикирин изилдөө;

— үй-бүлөлүк мааракелер менен маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү (ага чейин жана кийин) белгиленген талаптардын чегинде, калктын кызыкчылыгын, улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды эске алуу менен сарамжалдуу өткөрүү боюнча калк арасында социалдык катмарланууга, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана каада-салттарды өткөрүүнү контролдоо жана жөнгө салуу, ушундай иш-чараларды өткөрүүгө арналган мекемелерде жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөргө багытталат:

— мал союунун санын так сактоо;

— үй-бүлөлүк салтанаттарга катышуучуларынын санын, аларды өткөрүү убактысын так сактоо;

— калктын тынчтыгын сактоо жана тиричилик ызы-чуу менен күрөшүү боюнча мыйзамдардын белгиленген талаптарын сактоо.

Сөөк коюу учурун контролдоо жана жөнгө салуу түздөн-түз алар өткөрүлгөн жерде жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөргө багытталат:

— бодо малды же жылкыны союуга тыюу салууну катуу сактоо;

— калктын тынчтыгын сактоо жана тиричилик ызы-чуу менен күрөшүү боюнча мыйзамдардын белгиленген талаптарын сактоо.

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу жөрөлгөсүн өткөрүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча комиссиялары

Каракол шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу жөрөлгөсүн өткөрүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча жергиликтүү аймактык жана шаардык борбордук комиссиянын деңгээлинде түзүлөт.

5.1. Жергиликтүү аймактык комиссиялары

5.1.1. Каракол шаарынын жергиликтүү аймакттык комиссиялары (мындан ары аймактык комиссиясы) Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын, аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштардын, диний жана коомдук уюмдарынын, милиция жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Аймактык комиссиясынын курамы Каракол шаарынын мэри тарабынан бекитилет.

5.1.2. аймактык комиссиясы алдыда өтүүчү үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу жөрөлгөсүн каттоону демилгечилерден же жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн жумушчу тартиптеги кабарлоонун негизинде жүргүзөт. Мында тиешелүү билдирүү пландаштырылган иш-чарага (үй-бүлөлүк салтанаттарды) чейин кеминде бир жума мурун берилиши зарыл.

5.1.3. аймактык комиссиясынын экиден кем эмес мүчөлөрү белгиленген үй-бүлөлүк салтанаттар жана сөөк коюу жөрөлгөсү өтүүчү жерге барып, үй ээлерине ушул Жобонун талаптары менен тааныштырат жана алардын кол коюусу менен каттоо журналына каттайт.

5.1.4. аймактык комиссиясынын үчтөн кем эмес мүчөлөрү үй-бүлөлүк салтанат же эскерүү жөрөлгөсү иш жүзүндө өткөрүлүүчү жерине барышат, ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын контролдойт. Эгерде бузуулар аныкталса, ал бузууларды каттоо журналына катталып, тиешелүү акт түзүлөт. Мыйзам бузууларды видео жана аудио жазууга жол берилет.

5.1.5. аймактык комиссиясы эсепке алууну жана түзүлгөн актылар боюнча жоопкерчилик чараларына дайыма мониторинг жүргүзүп турууга милдеттүү.

5.1.6. аймактык комиссиясы ушул Жобону ишке ашыруу тажрыйбасын жалпылайт жана шаардык борбордук комиссияга анын ченемдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды, ошондой эле конкреттүү кыйынчылык жаралган абалдар боюнча чечимдерди кабыл алуу зарыл болгон учурда ушул Жобонун ченемдерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизет.

5.2.Шаардык борбордук комиссия

5.3.1. Каракол шаардык борбордук комиссиясынын (мындан ары — шаардык комиссия) курамына Каракол шаарынын мэри, социалдык блок боюнча вице-мэр, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, ички иштер органдарынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмдөрү, ардагерлер уюмдарынын, аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштар, диний, коомдук уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. кирет. Шаардык комиссиянын курамы Каракол шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет.

5.3.2. Шаардык комиссия аймактык комиссиясынын ишин уюштурат жана координациялайт, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин эсебин алуунун тартибин иштеп чыгат, мезгил-мезгили менен же кечиктирилгис билдирүүлөрдү жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды берет.

Шаардык комиссия ушул жобонун талаптарынын аткарылышына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылат, бул багытта учурдагы жана алдыдагы тажрыйбаны жалпылайт, аны жайылтуу боюнча тийиштүү чараларды көрөт, ушул Жобонун эрежелерин одоно жана массалык түрдө бузуулар болгон жерлерге барып, аларды жеринде жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү менен аймактык комиссиясына көмөк көрсөтөт. аймактык комиссиясынын ишине байланыштуу даттанууларды карайт.

6. Ушул жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Жобонун талаптары бузулган учурда төмөнкүдөй чаралар каралат:

— комиссиянын актысынын негизинде иш-чараларды өткөргөн тиешелүү адамдар (жарандар) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, атайын жана административдик кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлерине карата алардын тикелей жетекчилерине административдик тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштамалар жиберилет;

— комиссиянын актысынын негизинде диний иш-чараларды өткөрүү убагында ушул жобонун бузулушунун фактылары боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коомдук талкуулоо үчүн жергиликтүү дин органдарына (мечиттердин имамдарына) тиешелүү сунуштар жиберилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE