Караколдо маданияттын кызматкерлери кызыл килемден өтүп, сыйлыктар менен сыйланышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында 2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата «Маданият мыктысы—2024» иш-чарасы өтүп, бул тармактын адистерин кызыл килем үстүндө сыйлоо аземи болду.

Анда кызматкерлерди Каракол шаарынын вице мэрлери Эрлан Айсаракунов, Гүлназ Орозовалар куттуктады.

Анда Каракол шаарынын маданият тармагынын, искусствонун өнүгүшүнө салым кошкон маданият кызматкерлерине сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылды.

2024-жылдын мыкты маданият кызматкери «Жылдыз» статуэткасын:

— Айымгүл Карабекова Каракол шаарындагы Тарых аймак таануу музейинин директору;

— Зинагүл Камбарова Н.М.Пржевальский К.Карасаев мемориалдык музей-комплексинин директору;

— Таалайбек Илипбаев Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы;

— Алик Асанов Каракол шаардык маданият үйүнүн режиссеру;

— Кымбатбүбү Азизова Каракол шаардык маданият үйүнүн маданий уюштуруучусу;

— Мусакун Сатыбалдиев жазуучу, акын, Кыргыз улуттук жана Россия жазуучулар союзунун мүчөсү;

— Данил Ильязов Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын окутуучусу;

— Русланбек Бейшекеев Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын иллюстратор мугалими сыйланды.

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен Борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Венера Чалабекова сыйланды.

«Кадырлуу эмгек каарманы» төш белгиси менен:

— Курманбек Тилегенов Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалими;

— Бектурган Мендегулов Каракол шаарындагы согуштун жана эмгектин ардагерлеринин башкы солисти;

— Сокен Бейшекеева Каракол шаардык маданият үйүнүн методисти сыйланды.

Каракол шаарынын кеңешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын «Каракол шаарына сиңирген эмгеги үчүн» төш белгиси менен:

— Венера Чалабекова Каракол шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору;

— Жаркын Жамгырчиева Каракол шаардык маданият бөлүмүнүн башкы адиси;

— Мажик Байсынов Ы.Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын мугалими;

— Татьяна Петрова Каракол шаардык борборлоштурулган китепкана тармагында тейлөө бөлүмүнүн башчысы;

— Элмира Мамбетова Н.М.Пржевальский К.Карасаев мемориалдык музей комплексинде жетектөөчү илимий кызматкери сыйланды.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн жана Каракол шаардык мэриясынын ардак грамоталары, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

2-ноябрь — Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келе жатат.

1926-жылдын 2-ноябрында Кыргыз элдик драмасынын тарыхында биринчи болуп И.Токобаевдин «Кыйгылуу Какей» пьесасы коюлганын эске алып, ошондой эле маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүү максатында ушул майрам – Маданият кызматкерлеринин күнү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-июлундагы № 318 токтому менен белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️