Караколдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен тьюторлор иш алып барууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектепке даярдоодо жана билим алууда тьюторлор иш алып барууда.

  • Тьютор — насаатчы, репетитор, окутуучу, жеке педагог.

Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозованын айтымында, адистердин эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен каралууда.

«Биздин максат — мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу, билим берүү. Быйыл жергиликтүү бюджеттен каражат карап, атайын адистерди кабыл алдык. Алар балдарды мектептен билим алууга даярдайт. Балдар даяр болгон кезде мектептерге алып барып, өзү теңдүү балдар менен аралашууга, билим алууга жардам беришет», — дейт вице мэр.

Учурда балдар мектепке чейин даярдыкты «Тирек» балдарга жардам берүү борборунда өтүшүүдө.

Пример HTML-страницы

«Быйыл биринчи жолу жаңы муниципалдык кызматты киргиздик. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен атайын адистер иш алып барууда. Учурда ар кандай диогноздору менен 25 бала бекер билим алып жатат. Каракол шаардык мэриясы 2 штат ачып берген. Учурда аны бөлүп, жарым штат менен 4 адис иш алып барууда. Аутизм, балдардын церебралдык шал жана ар кандай акыл-эстин жетишпестиги менен жабыркаган балдарды диогноздоруна жараша кичи топторго бөлүп, сабактар жумасына 2 жолу 1-1,5 сааттан өтүлүп жатат. Балдарга адаптациялык дене тарбия жана сенсордук интеграция боюнча сабактар өтүлүүдө. Бир аздан кийин балдардын билим алуусу боюнча сабактар кире баштайт», — дейт аталган борбордун жетекчиси Бэла Капарова.

Ал эми мектепте бара алган балдар менен шаардагы №6 мектепке атайын бир тьютор иш алып барууда.

Инклюзивдик билим берүүдө тьютор ден соолугуна же өнүгүүсүнө байланыштуу жалпы билим берүү программаларын өз курдаштары менен бирдей өздөштүрө албаган окуучуларга жардам беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️