Караколдо «Креативдүү идеялар жана технологиялар кербенине» 48 окуучу катышты (сүрөт)  

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-октябрда Каракол шаарында «Креативдүү идеалар жана технологиялар кербени» өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ага облустун район, шаарларынан келген 48 окуучу билимин сынады.

Анда окуучулар робот техникасы, авиациялык моделдөө, автомоделдөө, архитектуралык моделдөө, ракеталык моделдөө, өнөр жай жана графикалык дизайн, табигый материалдардан жасалган буюмдарын көргөзүштү.

Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси Ислам Өмүрбек уулу жылдан-жылга бул тармакка кызыккан балдар көбөйүп жатканын билдирди.

«Балдарды инновациялык, креативдүү технологияларга, күнүмдүк колдонуп жүргөн буюмдардан, табигый материалдардан декаративдүү көргөзмөлөрдү жаратуу жана робот техникасына үндөө негизги максатыбыз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Белгилей кетсек, 13-20-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Чыгармачыл идеялар жана технологиялар кербени» эл аралык фестивалы өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️