Пример HTML-страницы

Караколдо биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен китепкана курулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 2-июль күнү Каракол шаардык балдар жана жаштар китепканасы расмий түрдө ишке берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ачылуу аземине Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Атыркүл Сеизова, депутаттар, китепканачылар жана жаш окурмандар катышты.

«Китепкананы Каракол шаарынын 155 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата ачып жатабыз. Имарат 1910-жылы курулуп, 1976-жылы китепкана катара пайдаланууга берилген. Мындан улам эски имарат авариялык абалга кептелип бузулган. Ордуна биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы китепкана курулуп жатат. Бул жерде балдардын китеп окуусуна бардык шарттар каралган. Заман талабына ылайык, компьютерлер менен камсыз кылынды», — дейт шаар мэри.

Муну менен катар аталган китепканада мектепке даярдоо курстары да бар.

Борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Венера Чалабекованын айтымында, китепканада 15 миң китепкана фонду бар.

«Китепкананын биринчи кабаты кичинекей окурмандарга арналган. Ал жерден кызыктуу китептерди окуй алышат. Ошондой эле куурчак театры бар. Ал жерде балдар окуган каармандарын өздөрү аткара алышат. Эрте өнүктүрүү борборунда 1 жаштан 8 жашка чейинки балдар келип жатышат. Максаты — бала бакчага тартылбай калган балдарга билим берүү. Ошондой эле жайкы каникулда лагерлерди уюштуруп жатабыз. Ал эми экинчи кабаты өспүрүм жана жашы улуу окурмандарга ылайыкташкан. Интернет түйүнүнө кошулууга бардык мүмкүнчүлүктөр каралган», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE