Караколдо бир нече этностун өкүлдөрү улуттук кийим тиктирип берүүнү суранды

TurmushКаракол шаары быйыл КМШ өлкөлөрдүн маданий борбору деп жарыялангандыктан, шаардагы этностор улуттук кийимдерин тиктирип берүүнү суранууда. Алар бул өтүнүчүн бүгүн, 13-апрелде президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Сулаймановго айтышты.

«Российские соотечественники Иссык-Куля» коомдук бирикмесинин төрөгасы Сергей Устимовдун айтымында, шаарда 8 этностук топ бар. Алар ынтымактуу жашап, ар кандай маданий иш-чараларга катышып келишет. Быйыл көп маданий иш-чара белгиленгендиктен улуттук кийимдерди сурап жатышат.

Жалпы 50 форма сурашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️