Караколдо ар этностун өкүлдөрү кыргыз тилин даңктады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-сентябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тилим менин тирегим» аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Кусеин Карасаев атындагы мемориалдык музей-комплексинде уюштурулду. Ага калаадагы ар бир этностун жана шаардык мекемелерде иштеген башка улуттун өкүлдөрү, Каракол шаарынын вице-мэри Г.Орозова, этностор аралык мамилелер боюнча Каракол шаардык коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Замир Турдукеев катышты.

Алгач катышуучуларга лексикограф К.Карасаевдин өмүр баяны тууралуу маалымат берилип, анын кыргыз тилине кошкон эбегейсиз эмгеги тууралуу маалымат берди.

Андан кийин кыргыз тили даңазаланып, тегерек стол өттү. Ар улуттун өкүлдөрү кыргыз тили тууралуу кыргызча сүйлөшүп, аны даңктап ырдап, чыгарма, үзүндүлөрдү аткарышты.

Караколдо 7 этно коомдук бирикме, 18ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️