Караколдо 61 жаштагы киши үй буюмдарын уурдоого шектелип кармалды

TurmushКаракол шаарында жергиликтүү тургундун үй буюмдарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 6-апрель күнү Каракол ШИИБге 1938-жылы туулган тургун П.А. арыз менен кайрылып, 17-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта үйүнөн 15 даана бал челек, «Индезит» үлгүсүндөгү муздаткыч, кара түстөгү сыналгы, чугундан жасалган ванна, трансформатордун 2 даана багы, гаражда турган эски муздаткыч, 2 даана газплита, 1 даана газ балон жана башкалары белгисиз адамдар тараптан уурдалганы жөнүндө билдирген.

Аталган арыз Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каракол ШИИБдин Жыргалаң шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүү учурунда 1961-жылы туулган П.А. аттуу жаран кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда шектүүнүн Каракол шаарында жана облустун башка аймактарында орун алган уурдоо фактыларына тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө.

Шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️