Пример HTML-страницы

Караколдо 15 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарында 15 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя кечээ, 11-июнда саат 09:30 чамасында болгон.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады. Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кыдыр-Аке көчөсүндөгү жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кеткен.

Билдирүү Каракол ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө «Фольксваген Венто» унаасынын айдоочусу — Т.Б. аттуу жаран 15 жаштагы кызды сүзүп кеткени аныкталган. Жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE