Караколдо 100 жылдык тарыхы бар сейил бак реконструкциялана баштады. Анда эмнелер пайда болот?

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында А.С.Пушкин атындагы сейил багын оңдоп-түзөө иштери башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, анда калаа башчысы Фархат Алжамбаев баштаган бир катар жетекчилер курулуш ишине старт беришти. Курулуш иши республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, сейил багы 4 зонага бөлүндү. Анда эс алуу, оюн зонасы, инклюзивдүү курулмалар жана оргума курулат. Ошондой эле, 500 орундуу амфитеатр орнотулат.

«Сейил бактагы чуркоо жолуна жана тротуарларга таманташ төшөлөт. Жалпы 10 атракцион орнотулат. Алардын ичинен үчөө чоң кишилерге ылайыкташкан. 50 метрлик айланма дөңгөлөк (колесо обозрения), америкалык горка жана пираттык кеме өңдүү атракциондор болот. Ал эми амфитеатрда бардык шарттар каралган», — деп айтылат маалыматта.

А.С.Пушкин атындагы сейил багын 1895-жылы ошол кездеги калаа башчысы Николай Барсов негиздеген.

Пример HTML-страницы

Николай Барсов — дарыгер, коомдук ишмер, Москва университетинин медицина факультетин аяктаган. 1880-жылдан тарта Караколдо (Пржевальск) аскер госпиталында иштеп, дарыгер Крыжановский менен бирге оорулуу Н.М.Пржевальскийди дарылаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️