Turmush — Каракол шаарынын биринчи вице-мэри болуп Эрлан Айсаракунов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев кол койду.
Буйрукка ылайык, Э.Айсаракунов 7-июндан тарта өз кызматына киришти.
Бүгүн, 10-июнь күнү калаанын жаңы биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов жамаатка тааныштырылды.
Буга чейин ал Каракол шаардык кеңешинде 2016-жылдан 2022-жылга чейин төрага кызматын аркалап келген.
Айсаракунов Эрлан Асанкадырович 1976-жылы 5-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Билими:
— Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуган;
— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган.
Эмгек жолу:
— 1998-2003-жылдары — Каракол шаарынын мамлекеттик салык инспекциясынын жергиликтүү салыктар боюнча инспектору;
— 2003-2002-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ак-Суу району жана Каракол шаары боюнча инспектору;
— 2004-2005-жылдары — «Нурисал» кредиттик союзунда кредиттик кызматкер;
— 2005-2007-жылдары — Каракол шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башкы адиси;
— 2007-2011-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Каракол шаары боюнча жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башчысы.
— 2011-2012-жылдары — «Жылуулук» ишканасынын директорунун орун басары;
— 2012-жылы — Каракол шаардык кеңешинин XX чакырылышынын депутаты, турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
— 2016-жылы — Каракол шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын депутаты:
— 2016-жылдын апрелинен 2021-жылдын апрелине чейин Каракол шаарынын төрагасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.