Пример HTML-страницы

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган Эрлан Айсаракуновдун өмүр баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарынын биринчи вице-мэри болуп Эрлан Айсаракунов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев кол койду.

Буйрукка ылайык, Э.Айсаракунов 7-июндан тарта өз кызматына киришти.

Бүгүн, 10-июнь күнү калаанын жаңы биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов жамаатка тааныштырылды.

Буга чейин ал Каракол шаардык кеңешинде 2016-жылдан 2022-жылга чейин төрага кызматын аркалап келген.

Айсаракунов Эрлан Асанкадырович 1976-жылы 5-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Билими:

— Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуган;

— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолу:

— 1998-2003-жылдары — Каракол шаарынын мамлекеттик салык инспекциясынын жергиликтүү салыктар боюнча инспектору;

— 2003-2002-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ак-Суу району жана Каракол шаары боюнча инспектору;

— 2004-2005-жылдары — «Нурисал» кредиттик союзунда кредиттик кызматкер;

— 2005-2007-жылдары — Каракол шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башкы адиси;

— 2007-2011-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Каракол шаары боюнча жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн башчысы.

— 2011-2012-жылдары — «Жылуулук» ишканасынын директорунун орун басары;

— 2012-жылы — Каракол шаардык кеңешинин XX чакырылышынын депутаты, турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;

— 2016-жылы — Каракол шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын депутаты:

— 2016-жылдын апрелинен 2021-жылдын апрелине чейин Каракол шаарынын төрагасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE