Каракол шаарындагы эркектерди жардамга чакырышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын мэриясы эркектерди Ысык-Көл районундагы селдин кесепеттерин тазалоого жардам берүүгө чакырууда.

Мэриянын маалыматына караганда, ыктыярдуу топторду атайын унаалар ташып алып барышат.

«Каракол шаарынын мэриясы 18 жаштан жогорку бардык эркектерди жарандык мобилизацияга чакырарын маалымдайбыз. Өзүңөргө белгилүү болгондой, 2 күндөн бери Каракол шаарынын тургундары Ысык-Көл районундагы селдин кесепеттерин жоюуга активдүү катышып, өз салымдардын кошуп жатышат. 21-22-август күндөрү да селдин кесепеттерин жоюу иштери уланат.

Эртең таңкы саат 7:00дөн баштап атайын маршруткалар ыктыярдуу топторду Ысык-Көл районуна ташыйт. Тамак-аш жана жатакана 2 күнгө даярдалып берилет», — деп айтылат маалыматта.

————————————————

Пример HTML-страницы

Бүгүн, 20-августта Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 755 адам, 59 атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Анын ичинен ӨКМден 358 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа чыкты. Ал эми облустук жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркады.

Кечээ, 19-августта куткаруучулар тарабынан 25 турак үй, жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 35 үй, жалпы 60 турак жай сел калдыктарынан толук тазаланды.

—————————————————————-

18-августта кечинде Ысык-Көл районундагы айылдарда сел жүрдү. Райондун аймагында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Корумду, Булан-Сөгөттү, Темир айылдарындагы турак үйлөрдү, ошондой эле «Аврора», «Аврора+», «Нептун» жана «Семирам» пансионаттарынын аймагын суу каптады.

Жети-Өгүз жана Тоң районун аймактарында да сел жүрдү. Тоң районунда сел суулары Кескен-Бел ашуусундагы, тактап айтканда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун тилкесиндеги каттамды үзгүлтүккө учуратты. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында сел турак үйдү кыйратып, кашарды кыян суу каптады.

Селдин кесепетинен бир нече унаа жолу жабылды. Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Нөшөрлүү жаандан кийин Ысык-Көлдүң өңү жашыл болуп калды.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкөнүн аймагында 17-августтан тарта 19-августка чейин аба ырайы туруксуз болорун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️