Пример HTML-страницы

Каракол шаарындагы борбордук стадион качан пайдаланууга берилет?

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын дене тарбия жана спорт ордосу реконстукциядан өтүп жатат.

Анын аянты 5 гектардан ашык болуп, союз учурунда спортчулардын тоо шартында машыгуусу үчүн салынган.

Спорт ордосунун жетекчиси Нурлан Жаиновдун айтымында, баары заман талабына ылайык жасалууда.

«Анда 3 футбол аянтчасы жасалып, бири гибриддик болот. Экөө машыгуу үчүн кызмат кылса, биринде чоң мелдештер уюшулат. Трибуналар, жуунуп тазалануучу бөлмөлөр, ажаткана, унаа токтоочу жайы, чуркоо жолу жасалат. Спорт ордонун тосмосу, 4 жарык берүүчү мунаралары жаңыртылат. Курулуш иштери күз айында бүткөрүлүп, ишке берилери күтүлүүдө», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE