Каракол шаарында жол кире акысы канча сомго көтөрүлдү?  

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында коомдук транспортко болгон жол кире акысы 5 сомго кымбаттады.

Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасын маалыматына караганда, 2024-жылдын 13-июлунан тарта жол кире акысы көтөрүлөт.

Анда Каракол шаарынын кичи автобус каттамдарына жол киренин акысы:

— пенсионерлерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана мектеп окуучуларына (1-класстан 11-класска чейин) 15 сом (буга чейин 10 сом болгон) болду;

— калган жүргүнчүлөргө 20 сом (буга чейин 15 сом болгон) болду.

Пример HTML-страницы

«Жол кире акысын жогорулатуу аргасыз кадам болуп жатат. Анткени баары кымбаттагандыктан айдоочулар киреше таба албай жатышат. Алар күйүүчү жана майлоочу май алышат, унаанын тетиктери бат баттан алмаштырууга мажбур болушат. Мындан улам чыгым көп болуп, актабай жатат.

Февраль айында айдоочулар кол топтоп келишип, кайрылуу жасашкан. Ал кезде өзүңөр билгендей, калаада вице-мэр гана болгондуктан айдоочулар менен сүйлөшүп, иштеп турушуна көндүргөнбүз. Ошол кезде вице-мэр айдоочулар менен кезигип, бардык процедуралардан өтүүнү түшүндүргөн. Мындан улам жер-жерлерде коомдук уугулар өткөн», — дейт КМПА жетекчиси Рустам Кадыров.

Учурда шаар ичинде жаңы тариф кызуу талкууланып, окуучуларга арзандатуу керектигин тургундар айтышууда. Анда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү сентябрь айында окуу жылынын башталышы менен окуучуларга атайын күбөлүктөр жасалып, арзандатуулар болорун маалымдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️