Пример HTML-страницы

Каракол шаарында таза суунун баасы өздүк наркынан бир кыйла төмөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында таза суунун баасы өздүк наркынан бир кыйла төмөн. Бул тууралуу Суу түтүк ишканасынын жетекчиси Жеңиш Өмүргалиев билдирди.

Анын айтымында, калкка берилип жаткан суу өз баасынан да төмөн. Анткени суунун өз баасынын бир кубу 15 сом болушу керек болсо, учурда калкка жеткирилген суунун баасы 8 сом 79 тыйынды түзөт.

«Былтыр сентябрь айында сууга болгон тариф 50 пайызга жогорулаган. Анда калк үчүн 1 куб суу 5 сом 86 тыйындан 8 сом 79 тыйынга жогорулаган. Бул да өз баасынан төмөн. Биздин ишканага суу тартып берүү, түтүктөрдү тазалап берүү өңдүү кызматтардын эсебинен жашап келе жатабыз. Бизде суу өз баасына чыгышы үчүн 15 сом болушу керек. Бирок элди да түшүнүп, эң төмөнкү тариф менен иш алып баруудабыз», — дейт жетекчи.

Ал эми шаарда коммерциялык объект жана мекемелер 1 куб сууга 29 сом 19 тыйын төлөшөт.

Ал эми саркынды суулар үчүн калк 4 сом 41 тыйын төлөшсө, коммерциялык объект жана мекемелер 23 сом 79 тыйын төлөп келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE