Пример HTML-страницы

Каракол шаарында кайсы мектептерге 1-класска канча бала кабыл алынды?

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында жалпы 10 мектеп бар. Аларга быйыл 1713 бала биринчи класска кабыл алынды.

Билим берүү мекемелеринин ичинен кайсы мектепке канча окуучу көп кабыл алынды. Аймактык кабарчы сурап көрдү.

Маалым болгондой, эң көп баланы кабыл алган №3 мектеп-гимназиясы болду. Анда 1-класска 323 окуучу кабыл алынып, 8 класс ачылды.

Экинчи орунда №11 мектеп-гимназиясы турат. Мында 288 бала биринчи класска барып, 7 класс ачылды.

Үчүнчү орунда №1 инновациялык мектеп-гимназиясы турат. Анда 267 бала биринчи класска кабыл алынып, 7 класс ачылды.

Шаарда биринчи класстардын 49 классы ачылды.

«Бул мектептерге мынча баланын кабыл алынышынын башкы себеби, мектеп жайгашкан аймак чоң болууда. Мисалы, №11 мектеп-гимназия жайгашкан аймакта көп кабаттуу үйлөр көп. Ошондуктан көп бала келет», – дейт билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асель Токтакунова.

Ата-энелердин айтымында, аталган 3 мектеп ЖРТ жана олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыздап жүрөт.

«Мисалы, биз №11 гимназия тандаганыбыздын себеби, былтыркы бүтүрүүчүлөрдөн 16 окуучу ЖРТдан 200 упай алды. Шаарда артычылык аттестат алган 3 окуучунун экөө да ушул мектеп болууда», – дейт ата-энелердин бири М.Саруев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы