Каракол шаарында эмне үчүн эттин баасы кымбаттады?

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында Рамазан айы кирип келгенден бери эттин баасы кымбаттады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Шаар туругуну Асылзат Көлбай кызынын айтымында, учурда этке суроо-талап жогору болууда.

«Азыркы тапта орозо кармагандар күчтүүрөөк тамактанууну көздөп, килограммдан эт алып жатышат. Ошондой эле ооз ачарга конок чакыргандар эт алышат. Этке суроо-талап жогору болуп жаткандыгынан улам кымбаттап кетти», — деди ал.

Анда эттин мурдагы баасына 20-30 сомдон кошулду.

Уй эти — 450-460 сом;

Жылкы эти — 400-430 сом;

Пример HTML-страницы

Кой эти — 450-480 сом.

Чучуктун килограммы — 650-700 сом;

Сары жүрмөнүн килограммы — 120 сом;

Жумурдун килограммы — 100-130сом;

Карындын килограммы — 120-80 сом;

Ичегинин килограммы — 120 сом;

Тилдин килограммы — 180-200сом;

Ич майдын килограммы — 100 сом;

Жаак эттин килограммы — 100 сом;

Бордун килограммы — 100-150 сом.

Ал эми сатуучулар эттин баасынын көтөрүлүшү Орозо айына тиешеси жок экенин айтып, жем-чөптүн кымбаттаганы себеп болуп жаткандыгын айтышты.

«Мурда жемдин килограммы 25 сом болсо, учурда 35 сом болуп жатат. 35 килограммдык бир мешок жемди 1150 сомдон алуудабыз. Чөп да кымбат. Ушундан улам мал байлаган киши жок. Жаз келип семиз мал, майлуу эт да жок», — дешти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️