Каракол шаарында дене тарбия жана ден соолуктуу чыңдоо комплекси ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Каракол шаарынын дене тарбия жана ден соолуктуу чыңдоо комплекси расмий ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылуу аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүн кызматкерлери, Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Аталган комплекс «Каракол-Өнүгүү чекити» долбоорунун алкагында 93 млн сомго ишке берилүүдө.

«Акыркы жылдары спорт тармагын өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулууда. Каракол шаарынын спортчулары да акыркы жылдары Дүйнөлүк, Азия чемпионаттарында алдыңкы орундарды алып келип жатат. Бул комплекс калаада спорт тармагынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болот деп ишенебиз. Муну менен катар шаардын борбордук стадиону реконструкцияланып жатат. Буюрса ал дагы келерки жылы ишке берилүү алдында турат», — дейт шаар мэри Фархат Алжамбаев.

Пример HTML-страницы

Каракол шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азамат Керимкуловдун айтымында, спорттун 8 түрү менен машыгууга шарт түзүлдү.

«Бул жерде тургундар спорттун волейбол, баскетбол, күрөш, самбо, футбол, каратэ, шахмат, теннис түрү менен машыга алышат. Баардыгы болуп бул жерде 2500гө жакын адам машыгууга шарт түзүлдү. Ар бир спорттун түрү менен машыгууга спорттук инвентарлар коюлду, спортчулар кийинип-чечинүүчү жайлары, машыктыруучулар бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөр салынды», — дейт А.Керимкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️