Каракол шаардык мамлекеттик архиви имараттуу болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-октябрда Каракол шаардык мамлекеттик архивинин имараты ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда мурдагы соттун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, архив кызматына берилди.

Ачылуу аземине Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу архив кызматынын төрайымы Мария Алыбаева, Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана архив кызматынын борбордук, облустук, шаардык кызматкерлери катышты.

«Каракол шаардык архиви 1978-жылы түзүлгөндөн бери өзүнүн имараты болгон эмес. Ар кайсыл мекемелердин имаратындагы бөлмөлөрүндө иш алып барып келгенбиз. Бүгүн мынтип кубанычтуу күн болуп жатат. Бул жерде бардык шарттар бар. Бирдиктүү терезе, кызматкерлер үчүн бөлмөлөр жана документтерди сактоочу жайлары бар», — дейт Каракол шаардык мамлекеттик архивинин жетекчиси Гүлмира Жапарова.

Аталган архивде 186 фонд, 18 миң 626 документ сакталып келет.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️