Пример HTML-страницы

Каракол шаардык кенешине жаңы 2 депутат келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28- май күнү Каракол шаардык кенешинин сессиясы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага шаардык кеңештин 52 депутатынын 34ү катышты. Күн тартибинде 14 негизги жана ар түрдү маселелер каралды. Сессиянын башталышында жаңы келген келген 2 депутатка төш белги тапшырылды.

«Ыйман нуру» партиясынан Дарыгүл Керимова эл өкүлү болуп келди. Ал Перизат Дүйшеванын ордуна келди. Д.Керимова 1967-жылы туулган. 5 баланын энеси.

«Бирге» партиясынан Марат Айтбеков келди. Ал Адилет Акматовдун ордуна келди. М.Айтбеков 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE