Кара-Жыгач айылында кесиптик лицейдин аймагында IT-мектеп ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы №47 кесиптик лицейдин филиалынын аймагында жаңы курулган 2 кабаттуу имаратта IT-мектеп ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге билим берүү жана илим министри Доктуркүл Кендирбаева, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштообаева, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Азамат Эргешов, чет өлкөлүк демөөрчүлөр, Жогорку Кеңештин депутаты жана жергиликтүү тургундар катышты.

«2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деген өлкө башчысынын жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги №47 кесиптик лицейинин Кара-Жыгач айылындагы филиалынын аймагына IT-технологиялык заманбап жабдууланган 2 кабаттуу жаңы имарат куруу боюнча кайрымдуулук фонду менен келишим түзгөн.

Бул долбоордун негизги максаты — республиканын бардык булуң-бурчунан жетим, жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына заманбап маалыматтык IT-технологиялык багытта билим берүү. 2019-жылы ноябрь айында расмий түрдө имараттын пайдубалын көтөрүү аземи болуп, капсула салынган. Курулуш 2024-жылдын октябрь айында бүткөрүлдү. Окуу корпусу 100 окуучуга эсептелген. 8 окуу кабинети заманбап технологиялык жабдуулар менен жана тийиштүү эмерек менен камсыз болду», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️