Кара-Суунун Ынтымак айыл аймагынын башчысы Нурбек Раимов менен жер адиси Апаз Коңкошов кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын (мурдагы Жаңы-Арык айыл өкмөтү) башчысы Нурбек Раимов кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Алдын ала маалыматка караганда, ал аталган айыл аймактагы жерлердин сатылышы боюнча кармалган.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 18-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектүү Р.Н.С.га карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 16-сентябрына чейин тандалган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ынтымак айыл аймагынын жер адиси Коңкошов Апаз Ашимжанович дагы УКМК тарабынан кармалды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-июлундагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча шектүү К.А.А.га 3-сентябрына чейин камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Жаңы-Арык айыл аймагы менен Кызыл-Суу айыл аймагы биригип, Ынтымак айыл аймагы болуп аталган. 2024-жылы 27-февралда бул айыл аймактын башчысы болуп Раимов Нурбек Сайпидинович дайындалган.

————————————

2024-жылдын 19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөн. Анда Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек (1000 адамга жер тилке) 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасын алышы керектигин, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.

Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мамлекет транcформация кылып берген жерлерди айрым адамдар сатып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгилеп, укук коргоо органдарына эскертүү бергенин жазган.

«138 гектар жер 1000 чек (1000 адамга жер тилке) болгон экен. Ошол 1000 чек жерди мамлекет трансформация кылып, кезекте турган адамдарга бекер берди. А жергиликтүү бийлик органдары аны сатып жатат. Биз «тигил жакка беришибиз керек, андан чоңуна беришибиз керек, депутатка беришибиз керек, өкмөткө алып барышыбыз керек» деп элден акча чогултуп жатат. Бир чекти 50 миңден 300 миңге чейин сатып жатышат. Ал жерди мамлекет бекер берди. «Кезекте турган, үйү жок кыйналган адамдарга бергиле» деп берип жатат. А силер алып келип сатып жатасыңар. Ким жаман? Мамлекеттин жетекчилери жаман. Айыл өкмөт жаман эмес. Кайра эл: «Молодец, мага мына 50 миңге сатты, 100 миңге сатты» деп сүйүнүп жатат. Ал эми айыл өкмөт бекер бериши керек аны», — деген К.Ташиев.

УКМКнын башчысы жер сатуу боюнча айыл өкмөт башчысы, жер адиси камалганын айтып, укук коргоо органдарына бул ишти аягына чыгарууну тапшырган.

«Менде топтолгон бул акчалар, 300-350 миң долларга жакын акча Жогорку Кеңешке чейин жеткени жөнүндө маалыматтар бар. Аягына чейин чыгаргыла. Эгер аким 1 сом алган болсо, алып барып камагыла. Эгер мамлекеттик чиновниктер, алардын ичинде депутаттар, кимдир-бирөө алса, алып барып камагыла. Мыйзамдын алдында жооп берсин», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️