Кара-Суунун Кыргыз-Чек айылында жол кырсыгынан улам каза тапкандар эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-ноябрь күнү Ош облусунда жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү уюштурулду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, БУУнун Башкы ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, ноябрь айынын үчүнчү жекшемби күнү Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү деп кабыл алынган. Буга байланыштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Кыргыз-Чек айылында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочулары, мечит имамдары жол кырсыгынан улам каза болгон жарандарды эскеришти.

Анда ЖКККБнын кызматкерлери жана мечит имамдары адам өмүрү барынан жогору турарын айтышып, иш-чарага катышып жаткандарды жол эрежелерин так сактоого чакырышты. Мындай иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда уюштурулуп өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️