Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеевди сотко жеткиришти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-июлда кечинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкев Ош шаардык сотуна жеткирилди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, акимди сотко УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюшча башкы башкармалыгынын кызматкерлери алып келди. Айрым маалыматтар боюнча, анын баш коргоо чарасы тандалды.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар сот залынан чыкты. Аким Абыкеев жана анын жактоочусу комментарий берүүдөн баш тартты. Район башчысын унаа менен алып кетишти.

Азырынча Ош шаардык соту кандай чечим кабыл алганы белгисиз. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Пример HTML-страницы

Буга чейин аким Темирболот Абыкеев УКМКга суракка чакырылганы маалым болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Абыкеев Ынтымак айыл аймагындагы (мурдагы Жаңы-Арык айыл аймагы) жерлердин сатылышы боюнча суракка чакырылган.

2024-жылдын 19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөн. Анда Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек (1000 адамга жер тилке) 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасын алышы керектигин, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мамлекет транcформация кылып берген жерлерди айрым адамдар сатып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгилеп, укук коргоо органдарына эскертүү бергенин жазган.

«138 гектар жер 1000 чек (1000 адамга жер тилке) болгон экен. Ошол 1000 чек жерди мамлекет трансформация кылып, кезекте турган адамдарга бекер берди. А жергиликтүү бийлик органдары аны сатып жатат. Биз «тигил жакка беришибиз керек, андан чоңуна беришибиз керек, депутатка беришибиз керек, өкмөткө алып барышыбыз керек» деп элден акча чогултуп жатат. Бир чекти 50 миңден 300 миңге чейин сатып жатышат. Ал жерди мамлекет бекер берди. «Кезекте турган, үйү жок кыйналган адамдарга бергиле» деп берип жатат. А силер алып келип сатып жатасыңар. Ким жаман? Мамлекеттин жетекчилери жаман. Айыл өкмөт жаман эмес. Кайра эл: «Молодец, мага мына 50 миңге сатты, 100 миңге сатты» деп сүйүнүп жатат. Ал эми айыл өкмөт бекер бериши керек аны», — деген К.Ташиев.

УКМКнын башчысы жер сатуу боюнча айыл өкмөт башчысы, жер адиси камалганын айтып, укук коргоо органдарына бул ишти аягына чыгарууну тапшырган.

«Менде топтолгон бул акчалар, 300-350 миң долларга жакын акча Жогорку Кеңешке чейин жеткени жөнүндө маалыматтар бар. Аягына чейин чыгаргыла. Эгер аким 1 сом алган болсо, алып барып камагыла. Эгер мамлекеттик чиновниктер, алардын ичинде депутаттар, кимдир-бирөө алса, алып барып камагыла. Мыйзамдын алдында жооп берсин», — деген ал.

300-350 миң доллар 20-июлдагы курс боюнча 25 млн 392—29 млн 624 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️