Кара-суулук Асел Орозова 16 жашынан бери чачын өстүрүп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну Асел Орозова чачынын узундугу менен көпчүлүктү суктандырып келет. Ал чачына кандай кам көрөрүн, учурдагы жашоосу жана эмне менен алек экенин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1999-жылы Кара-Суу районунда төрөлгөм. Үйдө өзүмдүн кичинекей чеберчилигим бар, ошол менен алекмин. Чачымды 16 жашымдан бери өстүрүп келем. Узун чачтан эч жүдөгөн эмесмин, жайып жүргөн өзүмө жагат. Кошумча кам көрбөйм деле, үйдө болгон шампундарды колдоном. Көргөндөрдүн баары кызыгуу жана суктануу менен карашат, бирок айланадагы адамдардын андай реакцияларын жактыра бербейм. Өзгөчө күндөрдө да чачым такыр чач жасалгоону көрбөдү. Жада калса үйлөнүү тоюмда да, жасалган чачым жайылып кетип, ыйлагым келип, жаман болгом.

Эмнегедир түшүмдө дайым чачым кыркылып калганын көрөмүн. Айрым учурда чачым кичи автобустун эшигине кымчылып калып кетет, көчөдө кимдир-бирөө чачымды кайчы менен кыркып алат, ошол сыяктуу түштөр эле кире берет. Ошентип, түшүмдө узун чачымдан ажырап көп ыйлайм. Ойгонуп алып, баары түш экенин билген соң Кудайга миң мертебе шүгүрлөрдү келтирем», — деди ал.

Анын айтымында, 1,5 жыл мурун ажырашууга дуушар болгон.

«Жолдошум менен 1,5 жыл жашап, жылдызыбыз туура келбей, эки жолго түшкөнбүз. Учурда уулум бар, 3 жашка толоюн деп калды. Бош убактымда балам экөөбүз сейилдеп, убакыт өткөрөбүз.

Жолдошум менен ажырашып төркүнгө келгенде, апам мени кыйналбасын деп, тигүү машинасын алып берген. Айылда уз-чебер эжекем бар болчу. Ага барып, эмне иш баштаса болорун сурадым. Ал мага курак тик деп кеп-кеңешин айтып, тигүү жолдорун да көрсөтүп берди. Ошондон бери куракка кызыгуум пайда болуп, ишимди баштагам. Учурда унааларга төшөккө буюртма алам, кардарларым бар. Келечекте ⁠максатым көп, алардын ичинен эң негизгиси балама жакшы тарбия берип, эч нерседен кем кылбай чоңойтуу», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️