Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы жаңжалдан кийин 44 жаштагы аял каза тапкан. Сот мурунку күйөө баласын камакта калтырды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда мурунку кайын эжесинин өлүмүнө шектелген жаран камакта калтырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-июнь күнү Кара-Суу райондук соту шектүү А.М.нын баш короо чарасын карап, 2024-жылдын 30-июлуна чейин тергөө абагында камакта калтырды.

Буга чейин Turmush Кара-Суу районундагы аялдын өлүмүнө шектелип анын мурунку күйөө баласы кармалганын жазган.

Милициянын маалыматына караганда, эки тараптын ортосундагы чыр-чатак буга чейин ажырашкан түгөйлөрдүн ортосундагы бала талашуудан улам келип чыккан.

2024-жылдын 30-май күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Т., Б.М. жана К.М. аттуу жарандар белгисиз учтуу буюмдан жараат алып кайрылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Тергөөгө чейин текшерүүнүн жүрүшүндө 30-май күнү Кара-Суу районунун аймагында 1996-жылы туулган А.М.нын үйүнѳ мурунку кайненеси — 1979-жылы туулган Б.Т., анын сиӊдиси — 1980-жылы туулган К.М., Б.Т.нын 2000-жылы туулган уулу Б.М. бастырып киришкени аныкталган. Алар балдарды талашып урушуп кетишкен.

Анын кесепетинен Б.Т., Б.М., К.М. денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. 1980-жылы туулган К.М. денесинен алган оор жараатынан улам оорукананын жандандыруу бѳлүмүндѳ каза болгон.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган А.М. камакка алынды. Окуя болгон жерден алынган далил буюмдарга, жабырлануучуларга жана шектүүгө тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда күбөлөр суралып, ыкчам тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE